Биз менен байланышыңыз

Жаңы жыл түнү «Ала-Тоо» аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды

Кыска кабар | 1 Янв 2023 | 427 | 0

Жаңы жылды тосуудан кийин Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтынан 5 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык салтанаттан кийин «Ала-Тоо» аянтын 60 жумушчу 7 атайын унаа менен түнкү 1:00дөн таңкы 5:00гө чейин тазалашкан. Ал эми борбордун көчөлөрүн тазалоого жалпы 500 жумушчу 42 атайын унаа менен чыгышкан.

Айта кетсек, кечээ, 31-декабрда Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында мэрия уюштурган чоң программадагы иш-чара өтүп, ага мэр Эмилбек Абдыкадыров да катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM