Connect with us

Бодо малдын терисин чет өлкөгө чыгарууда бажы алымдары кымбаттайт

Кыска кабар | 1 Янв 2023 | 300 | 0

Экономика жана коммерция министрлиги бодо малдын терисин чет өлкөлөргө ташып чыгууга бажы алымдарынын өлчөмү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Токтом долбоор өлкөдөгү булгаары ишканалардын чийки затка болгон таңкыстыгын чечүү максатында жазылганы айтылат түшүндүрмөдө.

Буга байланыштуу иштетилбеген терилердин айрым түрлөрүнө бажы алымдарын көбөйтүү, тагыраагы, 4101 товардык позициядагы чийки заттардын тоннасына 200 евродон кем эмес бажы алымын алуу сунушталган.

Айта кетсек, Өкмөттүн ушул тариздеги токтому 2016-жылдын 16-майында кабыл алынган. Жаңы токтом кабыл алынган соң, мурдагы токтом күчүн жоготот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM