Биз менен байланышыңыз

Экономикалык абалдын жыйынтыгы: Айлык, пенсия, жөлөк пулдун жогорулашы маселени чечтиби?

Коом , Экономика | 30 Дек 2022 | 1051 | 0

Жыл башынан бери өлкөнүн экономикалык тармагында жылыштар бар болгондой сезилген. Мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары жана пенсиялар көтөрүлдү. Мындай саамалык жарандардын кубандырбай койбойт, бирок ошого жараша өлкөдө болуп көрбөгөндөй кымбатчылык күч алып, инфляциянын өсүшү байкалган.

Айлыктардын өсүшү менен жарандардын керектөөлөрүн толук кандуу камсыздай алдыбы? Маселе канчалык деңгээлде чечилди?

Жыл ичинде болгон экономика тармагындагы жетишкендиктер жана өксүктөр тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз. 

Жыл ичинде бийлик тарабынан элди кубанткан аракеттердин бири – айлык акылардын жогорулашы болду.

Жазында мамлекет башчы Садыр Жапаров социалдык маселелер боюнча республикалык жыйын өткөрүп, мамлекеттик жана муниципалдык тармакта иштеген кызматкерлердин айлыгын көтөргөнү боюнча маалымат берген.

Жарлыкка ылайык, маданият кызматкерлеринин айлыгы 100%га, эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы орточо эки эсе жогорулатылганы кабарланган. Ал эми билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин, мугалимдердин маянасы 80%га көтөрүлгөнүн айткан.

Ал кезде Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер жаңы окуу жылынан, тагыраагы сентябрь айынан тарта да көбөйтүлгөн айлык алууну улантарын маалымдап, ошол эле убакта мугалимдерге психологиялык, физикалык оорчулук келбеши үчүн сабак сааттары кыскартыларын билдирген.

“Марал” радиосу октябрь айында аймактарда иштеген мугалимдер менен кабарлашканда алар айлык акы мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла көбөйгөнүн, бирок сааттар кыскартылып, ийримдерге, олимпиадага даярдоо иштерине, кошумча сабактарга акы төлөө токтотулуп, мындан улам маяна азыраак чыкканын айтышкан.

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кетти.

Мындан сырткары апрель айынан баштап дарыгер жана маданият кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулду.

Мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары жогорулаганы менен экономикалык маселелер толук чечилген жок деп эсептейт экономист Бекмамат Орозов.

“Айлыктардын жогорулашы бардык маселени чечпесе да, баары бир кандайдыр бир карыз маселелерди чечүүгө түрткү берет. Бирок ошол эле учурда биздин керектөөлөр чексиз болгондуктан толук кандуу маселени чече алган жок”.

Ал эми серепчи Нурбек Муктар бардык кызматкерлердин айлыктары көтөрүлбөгөнүн айтып, 10 миң сомго жетпеген маяна алгандар бар экенин белгилейт. Алардын күнүмдүк жашоосуна, жан багуусуна акча табуу кыйнчылыктарды жаратып жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары ал мамлекеттик бюджет 35 млрд дефицит менен чыкканын, айлыктар кредиттин эсебинен көтөрүлгөнүн, жаралган финансылык тешикти жамоого күмөн жаралып жатканын айтты.

“Быйыл кредит алып айлыктарды эптеп көтөрүштү. Ал эми кийинки жылы кандай кылышат? Деген суроо туулат. Азыр 35 млрд сом дефицит калды. Балага сүйүнчү пулду берүү да убактылуу токтотулуп кийинки жылы январдын бюджетине жылдырып коюшту. Январь бат эле мына келип калды, баарына төлөп бериш керек, жаңы жылда биринчи айдын бюджеттин түшүүлөрүнөн азыр эле чыгым кылып жатышат. Жыл өткөн сайын ушул маселе, финансылык тешик кеңейе берет. Муну кандай кылып жаап кетишет? Акчаны кайсы жактан алышат? Деген суроолор күмөндүү ойлорду жаратып жатат”. 

Ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсия да 1700 сомдон 3400 сомго чейин көбөйдү.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 735 миңдей пенсионер бар. Алардын баары бирдей өлчөмдө пенсия албайт. Ошондуктан пенсиянын көбөйүү тартиби да ар бир пенсионердин эмгек стажына, жаш курагына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болду. Айрымдарына 2 миң сомдун тегерегинде кошулса, айрымдарга 1000 сомго жетпеген акча кошулду.

Пенсияны көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен 90 миллион сом бөлүнгөнү айтылган.

Буга чейин пенсиянын орточо өлчөмү 6186 сомду түзүп келсе, жогорулагандан кийин орточо 8080 сомду түздү. Бул башындагы пенсияга салыштырмалуу 33%га же 1988 сомго жогорулады.

Мындан сырткары, 1-июндан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жөлөк пулдун көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал 300 миңден ашуун балага таасирин тийгизери айтылган.

Балдарга жөлөк пулду жогорулатуу үчүн өлкөнүн бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом кошумча бөлүнгөн.

Экономист Искендер Шаршеев көбөйтүлгөн айлыктар 1-2 кишиден турган үй-бүлөнү багууга араң жетет деген ойдо. Эгер үй-бүлө мүчөлөрү кирешелерин бириктирбесе анда такыр жетпей калышы мүмкүн экенин эскертти.

Деги эле жогоруталган айлык, пенсия жана жөлөк пулдар акыркы жылда инфляциянын өтө тездик менен өсүшүнүн аркасынан үлгүрбөй жатканын түшүндүрдү.

“Бүгүнкү күндө базардагы баалар баарыбызга эле сезилип жатат. Акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй инфляциянын өсүшү менен бир үй-бүлөнү багыш үчүн бир адамдын айлыгы такыр жетпейт, эки кишинин кирешеси биригип араң жетет. Нандын баасы 30%га чейин өстү, бензиндин баасы 100%га, электроника каражаттарынын баасы керек болсо 700-800%га, кийим-кечектин баасы 30-40%га өстү. Жалпы караганда бардык товарлардын баасы эң аз 30%га өстү десек болот. Ошол себептен айлыктардын өсүшү инфляциянын аркасынан үлгүрбөй жатат деген ойлор бар”.

Улуттук статистика комитетинин талдоосуна ылайык, 2021-жылдын 11 айынын жыйынтыгында инфляция, же керектөө бааларынын өсүүсү 9,7%ды түздү. Дээрлик 10%. Бул дагы Кыргызстан мүчө болгон Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөрдүн ичинен эң чоң көрсөткүч.

Быйыл президент 28-декабрда Министрлер кабинетинин отурумун өткөрүп, жылдын жыйынтыгын чыгарган.

Анын сөзүнө караганда, 2022-жылдын январь — ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызтанда ички дүң өнүм 781,4 млрд. сомду түзүп, 7%га өсүү болду. Жыл аягына чейин консолидацияланган бюджет 400 млрд. сомдон ашса, кийинки жылы 500 млрд. сомдон жогору болот деген план коюлган.

Ал эми үстүбүздөгү жылга бюджеттин тартыштыгы жалпы 35,4 млрд сомду түзүүдө. Бийлик акыркы эки жылда бюджетти эсе көбөйткөнүн билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM