Connect with us

Майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылды

Кыска кабар | 29 Дек 2022 | 348 | 1

Бүгүн, 29-декабрда Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы «Келечек» реабилитациялык борборунун ачылды. Борбордун ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Имарат 100 орунга чакталган.

Майыптыгы бар балдар үчүн ачылган реабилитациялык борбор акысыз болот.

Кыргызстанда 200 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. Анын 35 миңи балдар.

Мамлекет башчы сөз сүйлөп бул багыттагы иштер бүтө электигин жана ушул сыяктуу борборлор бүт өлкө боюнча курула турганын белгиледи.

«Биз өлкө жетекчилигинин өкүлдөрү катары Кыргызстандын бардык жарандары, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча иштерди алып барып жатабыз.

Балдардын реабилитациялык борборунун ачылышы маанилүү окуя болуп саналат. Эч кимибиздей майыптыгы бар балдар сапаттуу билимге, медициналык кызматтарга, социалдык камсыздандырууга, эс алууга жана активдүү жашоо образына муктаж. Ушуга байланыштуу биз аларды ыңгайлуу дарылоо жана реабилитациялоо үчүн шарттарды түзүшүбүз керек. Аталган реабилитациялык борбор мүмкүнчүлүгү чектелген балдар атайын гана дарыланбастан, физикалык жана психологиялык жактан калыбына келе турган жер болот», — деди ал.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM