Биз менен байланышыңыз

Бүгүн бир катар кызматкер мамлекеттик сыйлыкка ээ болду

Коом | 30 Дек 2022 | 568 | 0

Бүгүн президент Садыр Жапаров ар кыл чөйрөнүн ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн II жана  III даражадагы «Манас» ордени менен, «Курманжан Датка», «Даңк» ордени жана медалы менен сыйланып, «эл артисти», «эл жазуучусу», «эл акыны» жана башка наамдар ыйгарылды. Сыйлык ээлери бир топ жылдык эмгеги акталганын белгилеп, өз тармагы боюнча жасаган иштери тууралуу айтып беришти. Ал эми айрым эксперттер өлкөдө жыл өткөн сайын сыйлык берүү маанисин жоготуп баратат деген пикирлерди да айтууда.

Бүгүн президент Садыр Жапаров салтка айланган жыл аягындагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Жарлыкка ылайык, эң жогорку II даражадагы «Манас» ордени менен режиссер Геннадий Базаров, илимпоз Владимир Плоских сыйланды.

Ал эми диктор Чынара Капарова «Даңк» ордени менен сыйланды. Ал 20 жылдан ашык убактысын журналистика багытына жумшаганын айтат. Бир гана телевидение жаатында эле эмес, келечектеги журналисттерди даярдап, педагогика тармагында да бир топ эмгектерди жасап жүргөнүн белгиледи.

«Бала кезибизде келдик эле. Ошондон бери кабарчы, алып баруучу, жооптуу редактор, чыгаруучу редактор, текст корректор редактору болуп отуруп, 20 жылдан ашык убакыт КТРКда иштепмин. Ал жерде телекөрсөтүүнүн гана кызматкери болбостон, телекөрсөтүүгө керектүү кадрларды даярдоо жаатында да эмгек кылдык. Педагогикалык тажрыйбам дагы 10 жылга жакындап калды. Мындан сырткары коомдук телекөрсөтүүнү изилдеп илимий иш жаздык. Кыргыз тарыхы, журналистикасы боюнча китептер аз болчу. Бул багытта окуу китептерди чыгардык».

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы Бишкек шаардык мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин «Семетей» ыр-бий ансамблинин солисти, эстрада ырчысы Съездбек Искеналиевке да ыйгарылды. Ал мыйзамга ылайык, коюлган талаптарды аткаруу менен гана 20 жыл ичинде ушул сыйлыкка ээ болгонун айтты.

Ал өзүнүн 2000-жылдан бери жасаган эмгектерине токтолду.

«Менин бүт документим мыйзам түрүндө болду. Ар бир баскычты басып өттүм. Сыйлык алууда өзүнүн талаптары бар. Алсак, музыкалык билимиң болуш керек. Ошондой эле көптөгөн кайрымдуулук концерттерине катышуу керек. 5 жыл мамлекеттик кызматта эмгектенүү зарыл. “Маданияттын мыкты кызматкери” сыйлыгын алыш керек. Андан кийин президенттин ардак грамотасын алыш керек. 20 жыл ичинде бир гана ырчылык менен алектенген жокмун. Кино тармагында да көп иштедим. Мындан сырткары канчалаган ырчыларга обон жазып бердим».

Бүгүнкү сыйлык тапшыруу аземинде Кыргыз улуттук «Манас» театрынын акын-импровизатору Максат Кулуев «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамына ээ болду. Ал 24 жылдан бери мамлекеттик маданий мекемеде эмгектенип келгенин айтты.

«Канча жылдан бери эл катары кызмат кылып келдим. Чыгармачылык жолунун чыйырынан чыкпай иштедим. Кыбырап жүрүп кыр ашкан учур болду. 24 жыл мамлекеттик маданий мекемеде иштеп жүрүп, ушул сыйлыкка жеттим. Мен үчүн кубанычтуу жана жооптуу болду. Эмгегимдин акыбети кайтып, сыйлыкка татыганы адамды кубандырбай койбойт».

Ал эми айрым эксперттер өлкөдө жыл өткөн сайын сыйлык берүү маанисин жоготуп баратат деген пикирлерди да айтууда. Айрыкча кыргыз коомчулугунда мамлекеттик сыйлыктардан сырткары ар кайсы коомдук уюмдар «жыл мыктыларын» аныктап, сыйлык-наамдардын кадыры жоголуп баратканын коомдук ишмер Сейтек Качкынбай айтат. Ал наам берип жаткан уюм дагы абройлуу мекеме болуш керек жана сыйлыкка татыгандардын эмгектери так критерийлер менен көрсөтүлсө дейт.

«Эми татаал илимий маселелерди айтпайын дедим эле, бирок «жылдын мыктысы» деген өксүк оору күчөп кеткенинен бир кыска түшүндүрмө айтып коёюн дедим. Эл мыктысы, жыл мыктысы, чындап эле, бар деп ойлойм. Маселе башкада. Ар бир экинчи уюмбу же мекемеби чекеден эле наам берүүчү «Нобел сыйлыгын» берүүчү уюм болуп кетти. Негизи илимде дарбыз, коон, эт, аянт, суу сыяктуу нерселер оор-жеңил, узун-кыска, чоң-кичине же муздак-ызык экенин аныкташ үчүн дүйнөдө таанылган орток стандарт өлчөгүчтөр бар. Бар болгон учурда деле, сен алманы 5 кг деп тартып элге жарыялаардан мурун илимде таразаң өзү 5 кгды туура 5 кг деп так, адашпай, алдабай тартып атабы ошону далилдеш керексиң адегенде. Аны методологияда «валидити» деп коёт».

Мындан сырткары бир катар саясатчылар да президенттин колунан сыйлык алды. Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова «Даңк» ордени менен сыйланып, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматовага «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер» наамы ыйгарылды.

Ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев «Даңк» орденин алды.

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM