Биз менен байланышыңыз

Университеттерге кышкы кабыл алуунун биринчи туруна каттоо башталды

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 198 | 0

Кыргызстанда быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-окуу жылына карата тандоого катышуу үчүн 26-декабрдан 28-декабрга чейин биринчи турга каттоо жүргүзүлөт.

«Биринчи турга каттоо башталгандан бери 2,5 сааттын ичинде 41 талонго арыз түшүп, эң көп сандагы талондор Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде катталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, бүгүнкү күнгө карата министрликтин сайтында 37 жогорку окуу жайы абитуриенттерди кабыл алуу багыттары жана пландары жөнүндө маалыматтар жарыяланды.

Белгилей кетсек, ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун төрт этабы жөнүндө кененирээк маалыматты министрликтин сайтынан табууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM