Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кочкорлук жаран кылмыштуу топко тиешеси жок экенин билдирүүдө

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 861 | 0

УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында «Хан» каймана аты менен белгилүү болгон Кочкор районунун тургуну Алмаз Чигентаев эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен байланышы жок экендигин айтты.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 26-декабрда билдирди.

Алмаз Чигентаев жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Н.Шаршеев менен да байланышы жок экендигин билдирген видеосун Атайын кызмат таратты.

«Мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды» , — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Эгер криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылса болот:

УКМК Нарын облусу боюнча башкармалыгы: 03522 50419; 0700 10-00-05;

Кочкор райондук бөлүмү: 03535-50-386; 0507 88-23-88.

25-декабрда Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (“Уюшкан топ түзүү же ага катышуу”) кылмыш иши козголуп, уюшкан топтун мүчөлөрү К. Асанбек, Ш.Н.О, А.Ы.А., Б.О.Н., О.Ч.О. тергөө абагына киргизилген.

Маалыматка караганда, шектүүлөр Кочкор районундагы кафелердин биринде кожоюнунан ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылып, эгер аткарбаса кафени өртөй турганын айткан.

Натыйжада кафенин ээси 102 номуруна чалып, милиция кызматкерлерин чакырган. Бирок уюшкан топтун мүчөлөрү алар кылмыштуу топтун ана башы Камчы Көлбаевдин адамдары экенин, укук коргоо жана ички иштер органдары менен байланышы бар экенин айтып, коркутууну улантышкан.

Андан соң шектүүлөр чакырылган милициянын башчысын кол алдындагылардын көзүнчө сабап, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Кылмыш ишин тергөө учурунда Кочкор РИИБнин жетекчилиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөндүгү тууралуу маалыматтар алынган. Ошол эле учурда окуяны жаап-жашыруу аракеттери документтештирилген.

РИИБнин жетекчилиги кызматтык абалынан пайдаланып, кафенин ээсин тиешелүү органдарга кайрылбоого бир нече жолу көндүрүүгө аракет кылышкан. УКМК кармалгандардын дагы башка иштерге тиешеси бар же жоктугун аныктоо иштерин жүргүзүп жатканын жана Кочкор РИИБнин кызмат адамдарынын кызымат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кылмыш жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотуу, шалаакылык жана кылмышты жашыруу иш аракеттерине юридикалык баа берилерин билдирген.

Ошол эле күнү Кочкор районунда кылмыштуу топтор менен байланышы бар деген шек менен кармалган беш милиционердин үчөө бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM