Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Орусияда КМШ саммитине катышат

Кыска кабар | 26 Дек 2022 | 262 | 0

Бүгүн, 26-декабрда президент Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

Жапаров менен кошо барган расмий делегациянын курамындагылар:

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;

— Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат.

КМШ саммитине Садыр Жапаровдон тышкары, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM