Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 1-январдан тартып мүлккө салык киргизилет

Кыска кабар | 24 Дек 2022 | 3577 | 0

Бишкек шаарында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлккө салык киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин токтомунда айтылат.

Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети шаардык кеңештин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Маалым кат-негиздемеде айтылгандай, жергиликтүү салыктар Кыргыз Республикасынын Салык кодекси тарабынан жергиликтүү кеңешке берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилет.

Жергиликтүү салыктарга мүлк салыгы кирет жана жергиликтүү салыктар деп Салык кодексинде белгиленген, жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилген, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарында төлөөгө милдеттүү болгон салыктар таанылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM