Биз менен байланышыңыз

11 айда жол эрежелерин бузган айдоочулардан бюджетке 442 млн сом түштү

Кыска кабар | 24 Дек 2022 | 179 | 0

Ушул жылдын 11 ай ичинде жол кыймылынын эрежесин бузуу фактылары үчүн 806 миң 234 протокол толтурулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын алкагында мамлекеттик бюджетке 442 млн 488 миң 240 сом өндүрүлгөн.

Алардын ичинен:
— Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо 11 миң 397;

— Мас абалында автоунаа башкаруу 12 миң 404;

— Авто ээнбаштык 282;

— Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 1 миң 825;

— Коопсуздук курун тагынбай автоунаа башкаруу 255 миң 737;

— Токтоо эрежелерин бузуу, тыюу салынган жерлерде автоунааларды токтотуу 256 миң 159;

— Ылдамдыкты ашырып айдоо 136 миң 883;

— Кооптуу жүк ташуу эрежелерин бузуу 103;

— Жөө жүргүнчүлөрдүн жана жол эрежесин бузуусу 39 миң 277;

— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 92 миң 167;

— Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 55 миң 549 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM