Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барат

Кыска кабар | 23 Дек 2022 | 218 | 0

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров сапардын алкагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинине мүчө мамлекеттердин президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

КМШ саммитине Садыр Жапаровдон тышкары, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM