Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги мектептерде онлайн окутуу 28-декабрга чейин узартылды

Кыска кабар | 23 Дек 2022 | 322 | 0

Бишкектеги мектептерде онлайн окутуу 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бир күн мурун Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция менен катталгандардын көбөйүп жаткандыгы тууралуу маалымат берген.

Бала бакчаларда билим берүү процесси облустук же райондук деңгээлдеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жергиликтүү органдарынын нускамаларына ылайык аныкталат.

15-декабрдан тарта Кыргызстандагы бардык мектептер 24-декабрга чейин онлайн окутууга өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM