Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Өрт үч өспүрүм бир туугандын өмүрүн алды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2022 | 730 | 0

Өзбекстандын Андижан облусундагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, үч бала тирүүлөй күйүп кетти. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, 22-декабрда болжол менен саат 19:15те «Дальварзин» көчөсүндөгү үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен, үй ээсинин 15, 13 жана 5 жаштагы жашы жете элек балдары 100 пайыз күйүк менен табылган.

Өрт саат 19:22де чектөөгө алынып, 19:32де толугу менен өчүрүлгөн. «Өрттөн үйдүн 180 чарчы метр аянтын сактап калууга мүмкүн болду. Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда», — деп айтылат маалыматта.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM