Биз менен байланышыңыз

Туман түшөт. 24-декабрдын аба ырайы

Кыска кабар | 23 Дек 2022 | 261 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 24-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз 0…+2 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM