Биз менен байланышыңыз

Бишкекте II Республикалык жаштар симпозиуму өтүүдө

Кыска кабар | 23 Дек 2022 | 380 | 0

Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарында “Кыргыз жараны” концепциясынын контекстинде “Кыргыз Республикасында жаштардын коомду өнүктүрүүдөгү ролу” аттуу II Республикалык илимий-практикалык жаштар симпозиму өтүп жатат.

Аталган иш-чара “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду, бир катар министрликтер, президентке караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан уюштурулган.

Симпозиумдун максаты — “Кыргыз жараны” концепциясын өнүктүрүү үчүн жаштарды активдүү тартуу аянтчасын түзүү болуп саналат. Ал өз ара ишенимдин атмосферасын түзүүгө, маданий айырмачылыктардын көп түрдүүлүгүнө позитивдүү мамиле кылууга, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн көп этностук жана көп конфессиялык шарттарда баалуулуктардын жалпылыгы аркылуу өз ара байытууга жана өнүктүрүүгө салым кошууга өбөлгө түзүү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM