Биз менен байланышыңыз

«Салык төлөөчүнүн паспорту долбоору» ишке кирди

Кыска кабар | 23 Дек 2022 | 186 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Ишкерлердин жайгашуусунун электрондук картасы» долбоорун ишке ашыруунун алкагында экинчи этап катары «Салык төлөөчүнүн паспорту (QR-код)» долбоорун ишке киргизди.

Салык төлөөчүнүн паспорту – салыктык сыр болуп саналбаган жана QR коддо камтылган ишкердик субъектинин маалыматтык картасы.

Паспорт аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан экономикалык иш жүргүзүлүп жаткан ар бир соода объектисинде, жалпыга жеткиликтүү жерде, мисалы, кире бериште, витринада же кассада жайгаштырылат.

«Салык төлөөчүнүн паспортунда» жайгашкан QR-кодун смартфондон сканерден өткөрүү менен төмөнкү маалыматтарды алууга болот:

– салык төлөөчүнүн реквизиттери жөнүндө (салык төлөөчүнүн аталышы же аты-жөнү),

– ИСН жана контролдук-кассалык машинанын болушу,

– жооптуу салык инспекторунун байланыш маалыматтары.

Ишкер менен керектөөчүнүн ортосунда талаш маселелер пайда болгон учурда, салык кызматынын компетенциясынын чегинде иштерди жөнгө салуу үчүн жооптуу салык инспектору менен түздөн-түз байланышса болот.

«Салык төлөөчүнүн паспорту» калк тарабынан ишкерлердин ишмердигин контролдоону күчөтөт жана ошону менен керектөөчүлөрдүн укуктарын коргойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM