Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 22 Дек 2022 | 265 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады. Жапаров Кыргызстанда 7 ири ГЭС, 2 ири жылуулук электр борбору, Токтогул суу сактагычы, жүздөгөн подстанциялар жана миңдеген чакырым электр өткөрүүчү чубалгылар, жылуулук линиялары, чакан ГЭСтер жана башка энергетика объектилер бар экенин белгилейт.

Ал тиешелүү жабдууларды жаңылоо,  энергетикалык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн, долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү сыяктуу иштер жасалышы керектигин айтты.

Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭС каскады, ЖЭБ-2 боюнча инвесторлорду тартуу, чакан ГЭСтерди куруу жана башка иштер улантылат. Мындан сырткары, бул тармакка насыя алуу маселесин кескин кыскартып, түз инвестиция тартууну колго алынарын белгиледи.

«Ал эми коррупцияны ооздуктоодо бизнес процесстерди санариптештирүү жана адам факторун азайтуу сыяктуу багыттар негизгилерден болмокчу. Бул максатта акылдуу эсептегичтерди массалык түрдө орнотуп, тендерлерди өткөрүүдө, эсеп-кысап жүргүзүүдө жана кадрларды таңдоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу менен гана жетише алабыз деп ойлойм» , — деди президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM