Биз менен байланышыңыз

Айжандын окуясы: Кыз-жигит болуп жүргөн кезде эле зомбулук көрсөткөн…

Коом | 21 Дек 2022 | 419 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккен Айжан (аты өзгөртүлдү) «Маралга» маек берип, жашоосундагы «кара түндөн» кантип кутулганын баяндап берди. Ал чет өлкөдө иштеп жүрүп, европалык жигитке турмушка чыккан. Ал жолдошунун көрсөткөн зомбулугу анын ден соолугун кандай жабыркатканын жана андан кетүү чечимин кабыл алуу канчалык оор болгонун айтып, коомду зомбулукка каршы турууга чакырат. 

Кыз-жигит болгон кезде эле зомбулук көрсөткөн…

Биз мурунку жолдошум менен бейөкмөт уюмда биргелешкен долбоордун үстүндө иштеп жүргөн учурда таанышканбыз. Адегенде баары жакшы болчу, анан биринчи чыр-чатактар башталганда – кызыл желектердин (эскертүү) белгилерин көрдүм. Бирок ал адамды жакшы көрүп калгандыктан, отуруп ойлонууга мүмкүн болбоду.

Биринчи жолу зомбулук көрсөткөн учур, биз али үйлөнө электе эле болгон. Ал мени кекиртектен кармап күчү менен башымды жерге жыкты. Анда да: “ушундай абалга сен алып келдиң”,- деп кайра мени күнөөлөп койгон. Кайра өзү ыйлап, “экинчи кайталанбайт” деп ишендирген. Мен аны кечирдим, ошентип тойго чейин кол көтөргөн жок.

Мени алдап жүргөнүн тойдон кийин билдим

Үч жылдык мамилебизден кийин баш коштук. Үч ай өткөндөн кийин ал мени алдап, дайыма “көзүмө чөп салып жүргөнүн” билдим. Көрсө, мени алдап жүрчү экен. Экөөбүз урушуп кеттик, ал мени дагы сабап, столдун четине ыргытып, муунтуп, ар кайсы жака ургулады, азыр эсимде жок. Эртеси ойгонсом, денем таштанды салынган баштыктай болуп калыптыр. Биз анда Европада жашачубуз, мен үйдөн кетип калдым. Бирок андан кийин карантин киргизилип, такыр барар жерим жок болуп, акчасыз, чек аралар жабык болчу – үмүтсүздүктөн жолдошума кайра кайтууга аргасыз болдум.

Азыр эмнеге ошол учурда милиция бөлүмүнө кайрылбай, уруп-сабоолорду каттатпай, участоктун жанынан жөн эле өтүп кете бердим? — деп көп ойлоном.

Ошол кезде ата-энеме айткам, апам угуп алып ыйлап жиберген: “Мен сага мындай бакыт каалаган эмесмин, кызым”, — деп айтканы эсимде. Бирок эртеси эле ата-энем айнып, “чыдаш керек” деп калышыптыр. “Баары ордуна келет, сен кетип, ажыраша албайсын”, — дешти.

Жолдошум болсо ошондо “оңолом, өзгөрөм” деди, анан мен да калып калдым.

Карантин маалы мен үчүн капас сыяктуу эле болду. Барган сайын мен зордук-зомбулукту норма катары кабыл алып баштадым. Мен интернет аркылуу үйдөн иштегендиктен, эч ким менен жолукчу эмесмин, “зомбулукка өзүм себепкер болуп жатам” деп ойлоп жүрө бериптирмин.

Чачымдан сүйрөгөндөгү оорууну эч качан унутпайм

Чачтан алып бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө сүйрөгөндөн кийин баштын терисинин ооруганы менин эсимде түбөлүккө сакталат. Анан ойлодум, Кудай, мындай нерселерди эстеп, денеңдин дагы кайсы жери ооруп калышы мүмкүн экенин эстеп калуу – канчалык коркунучтуу экенин баары эле биле бербесе керек.

Ал эмеректерди талкалап сындырчу, балка менен чуркап келип эшикти ургулачу. Эгер мен жуурканды жаап жашырынсам, ал мени жаздык менен жаап, колуна тийген буюмдарды мени көздөй ыргытчу – отургучтарды, бөтөлкөнү, баарын мени көздөй ыргыта берчү.

Анын кесиптештери менин көгөргөн жерлеримди байкап калышса, мен алдап “өзүм кокустап, жыгылып кеттим” деп жаап-жашырып койчумун.

Мындай жагдай 9 айга созулду. Анан чек аралар ачылып, анын жумушу менен Европанын башка өлкөсүнө бардык. Ошол жерден эл менен сүйлөшүп, баарлаша баштадым. Курстарга бардым, башка күйөөлөр аялдарын жумуштан алып кеткендерин, аларга кандай мамиле кылгандарын көрдүм. Мен ойгоно баштагандай, көзүм ачыла баштагандай болдум.

Мен баары бир кете турганымды, ушуну менен бары бүткөнүн түшүндүм

Уруштар ал жакта дагы уланды. Ал урганын токтотуп койду, анткени ал менин көгөргөн жерлеримди сүрөткө тартып жатканымды байкай баштады, бирок мени коркутуу үчүн буюмдарды – көз айнектерди, отургучтарды, колуна келгендин баарын ыргыта берди. Ошол учурда ал эчак эле мени келесоо, колуңан эч нерсе келбейт деп кемсинте баштады. Мени тынымсыз артка тартып, шылдыңдап күлчү. Ал европалык болгондуктан, мага расисттик тамашаларды көп айтчу. “Ит жебе” деген сыяктуу. Ошондой эле анын кесиптештери расисттик пикирлерди айтууга жол берчү. Эгер мен ага каршы бир нерсе айтсам, өтө сезимталсың деп кутулуп кетчү.

Туруктуу жумуш табылганда, акча болгондо, ынгайлуураак шарт жаралганда кетем деп ойлочумун. Бирок уктай албай, анын жумуштан келген убактысын жек көрө баштаганда кетүүнү чечтим.

Мен тынымсыз коркууну кантип сүрөттөштү билем – бул башыңдын арты ооруп, такыр уктатпаган сезим. Мен жөн эле уктагым келди, мунун барын бүтүрүп, качып кетким келди. Визамды жаңыртуу керек болгондо, экөөбүз эки башка өлкөгө кеткенбиз, ошону менен кайра кайтып барган жокмун.

Билимдүү болуп туруп деле зомбулук курмандыгына айланып калышың мүмкүн

Мен акылдуу, билимдүү, дүйнө таанымым кең болгону менен, мен деле зордук-зомбулуктун курманы болдум. Бул кандайча болуп калды? Үй-бүлөмдө зордук-зомбулукту көрүп чоңойдум, башка мээримди көргөн эмессмин. Бир гана ушул — муштум менен, кыйкырыктар менен, мен үчүн ушундай оорулуу сүйүү жалгыз чыныгы сүйүү болчу жана мен аны тандадым.

Кеткенимде мени досторум, эжем, иним гана колдошту. Ата-энем таптакыр кабыл алышкан жок, алар үчүн бул шок болду — биздин үй-бүлөдө ажырашкандар болгон эмес. «Элден калдык» дешти.

Ал убакта жумушум жок болчу, туңгуюкка эле кирип кеттим десем болот. Анан отуруп алып, колумдан эмне келет, эмнени мыкты аткара алам ошону жаздым. Тасмаларга продюсерлик кылуу жана макала жазуу. Мен бир эле учурда Кыргызстандын жана Борбор Азиянын бир нече басылмаларына жаздым, темаларды сунуштадым, алар мени алышты. Ошол эле учурда мен өзүмдүн Twitter баракчама жумуш издеп жүргөнүмдү жаздым жана ал жактан менин документалдык тасмама демөөрчүлүк кылууга даяр филантропторду таптым. Бир нече жумадан кийин мен кино тартуу үчүн үйгө, Кыргызстанга учуп келдим. Бул ийгилик мени мындан ары да алдыга карай умтулууга шыктандырды. Дайыма ата-энемдин көңүлүн калтыруудан абдан коркчумун, эл эмне дейт деп коркчумун. Бирок мен ажырашып, өзүмдү тандап, коомдун алдында тырмакчанын ичинде “түбүнө жеткенде” – бул мени боштондукка чыгарып, эркиндик тартуулады.

Өз жашооңо өзүң жоопкерчиликти алганда өзгөрөсүң

Артка карабастан, биринин артынан экинчи долбоорго тапшыра баштадым – гранттарга ээ болдум, көп өтпөй эл аралык уюмга жакшы жумушка орноштум. Мен мындан ары эч нерседен коркпой калдым, ушунчалык көп убакыт бою психологиялык жана физикалык зордук-зомбулукка кабылып, эркиндиктен, жашоодон ырахат ала баштадым. Ошол эле учурда мен Европага стипендияга тапшырдым – магистратураны улантуу үчүн, аны жеңип алдым. Азыр мен Европада толук грант менен окуп жатам. Ата-энем буга көнүштү, жадагалса азыр менин ийгиликтериме кубанып жатышат. Жумушум жакшы, терапияга барам, спорт менен машыгам жана өзүм менен толук гармониядамын. Сен өз жашооңо жоопкерчилик ала баштаганда, жашоо мынчалык өзгөрүп, көрктөнүп кетет деп ким ойлоптур.

Бирок, баары оңойго турган эмес — кетүү, албетте, абдан кыйын болду. Ар дайым артка кайткым келчү, эмне кылып жатасың, кайра жаңыдан баштап, никеден ажырап калуу ушунчалык коркунучтуу экен, кандайдыр бир туруктуулуктан айрылып калгандай сезимдер болду. Ошондой эле кокусунан тааныштар: «Ой, эмне кылып жатасың? Ажыраштыңбы? Биз бул жерден европалыктарды кармай албай жүрсөк, сен болсо кетип калыптырсың”. Болгону кыргыз коомчулугунда мени абдан кыжырданткан нерсе – баары бири-биринин жеке турмушуна кийлигишкени. Баарыбыз бири бирибиздин турмушубузга кийлигишпей, жайына койсок оң болор эле.

Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга эмне айтаар элем – кеткиле жана кайрылып барбагыла. Ал өзгөрбөйт. Сиз аны куткарышыңыз керек эмес. Өзүңөрдү өзүңүз сактаңыз, сизде бир гана жашоо бар. Корпкогула. Токтоткула. Эркин жашагыла.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM