Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 26-декабрда башталат

Кыска кабар | 21 Дек 2022 | 554 | 0

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышты. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, катышуучулардын 893ү 100 же андан жогору балл топтоду.

Республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түзсө, эң жогорку – 226, эң төмөнкү – 65 балл болду.

Жогорку баллды Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун, Ош шаарынын катышуучулары алды.

Эң төмөнкү баллды Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун катышуучулары алды.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи этабы 26-декабрдан 31-декабрга чейин жүрөт.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат. Абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 31-декабрга чейин тастыкташы зарыл.

Кыргызстанда быйыл биринчи жолу жалпы республикалык тестирлөө кышында да өттү. Тестирлөө 24-30-ноябрь күндөрү болду.

Copyright © 2017 Maral FM