Биз менен байланышыңыз

Батир, электромобиль, iPhone 13. Чектер лотереясынын байгеси көбөйтүлдү

Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 529 | 1

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, байге фондунда мурун 32 белек болсо, азыр 52 белек коюлду.

30-декабрда боло турган 3-утушта 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш ойнотулат.

Баш байге – Бишкектен батир. Ошондой эле бир унаанын ордуна эки электромобиль ойнотулат.

Лотереянын үчүнчү оюну 30-декабрда КТРК, «Ала-Тоо 24» телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook, YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө лотереяга 170 миңден ашык адам катышып, алар жалпы суммасы 18,3 млрд сомго 17,9 млн лотереялык ID-билеттерди топтошкон.

Лотереянын катышуучусу болуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, каттоо жол-жобосунан өтүү жана кассалык чектердин QR-кодун сканерлөө зарыл.

Салык кызматы жарандарга товарларды же кызматтарды сатып алууда кассалык чекти талап кылууну сунуштайт, анткени алардын ар бири катышуучунун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Эрлан

    21.12.2022 16:22

    Кандай чек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM