Биз менен байланышыңыз

Элчи: Орусия Кыргызстанда мектеп курууну пландоодо

Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 253 | 1

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев Кыргызстан Орусия менен калыптанган стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Анын маалыматына караганда, быйылкы жылдын 9 айында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд 226 млн АКШ долларына жетип, былтыркы жылдын белгиленген мезгилине салыштырмалуу 36,8%га жогору болду.

Нурланбек Шакиев кийинки жылы Орусияга расмий иш сапары менен баруу планы бар экенин да маалымдады.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко экономика, медицина, маданият, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана коопсуздук жаатында кызматташтыкка өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи.

Андан тышкары, билим берүү тармагы боюнча ири долбоорлор иштелип чыгып, Кыргызстанда мектептерди куруу пландалып жатканын айтты.

1 пикир

1 пикир

  1. Азамат

    20.12.2022 19:35

    Орусия, мектеп курганы жакшы, бирок түпкү максаты Орусиянын территориясын экспанциялоо болушу мүмкүн.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM