Биз менен байланышыңыз

Быйыл сел жана өрт кырсыгынан келтирилген зыян 3,5 млрд сомдон ашты

Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 282 | 0

Быйылкы жылдын он бир айында Кыргызстанда сел жана өрт кырсыктарынан келтирилген зыян 3,5 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 19-декабрдагы жыйынында айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, селдин кесепетинен 2731 жеке турак жай, 46 социалдык объект, 242 чакырым жол, 38 ички чарбалык канал жабыркаган. Натыйжада келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 234 млн 953 миң сомду түзгөн.

Авариялык абалдагы үйлөрдүн ээлерине 51 млн сом бөлүнүп, капиталдык оңдоо иштерине 8 млн 400 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат айтылды. Ошондой эле 11 ай ичинде 2279 өрт кырсыгы катталып, 3 миллиард 321 миллион сомдук зыян келтирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM