Биз менен байланышыңыз

Жапаров Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 333 | 0

Бүгүн, 20-декабрда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Жапаровдун айтымында, бийлик ыкчам өзгөрүп жаткан мезгилдин чакырыктарына каршы туруу үчүн улуттук коопсуздук органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатып, техникалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну, кызматкерлерди социалдык жактан колдоону колго алды.

Ансыз учурдун талабына жооп бере турган чалгындоо, контрчалгындоо иштерин уюштуруу, ар кандай коркунучтарга каршы күрөшүүдө күтүлгөн натыйжаларга жетишүү мүмкүн эмес экенин айтты.

«Өлкө аймагында тынчтыктын, туруктуулуктун болушу экономикабыздын өнүгүшүнө, элдин турмуш-шартынын жакшырышына өбөлгө түзөт. Мындан улам, экономиканын өсүшүнө кедергисин тийгизип жаткан ар кандай коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү иш-аракеттери дагы улантылышы зарыл деп эсептейм.

Мамлекетибиздин бейпилдигин камсыздоого ант берип, аны абийирдүүлүк менен аткарып келген, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууга бүт өмүрүн арнаган ардагерлерге дагы ыраазычылыгымды билдире кетейин» , — деди Жапаров.

20-декабрь — Улуттук коопсуздук кызматында иштегендердин күнү катары 2007-жылдын 12-апрелинде өкмөттүн №120 токтомуна ылайык бекитилген. 1917-жылы Орусияда падыша бийлиги кулатылып, ошол жылдын 20-декабрында жалпы орусиялык өзгөчө кырдаалдар комиссиясы түзүлгөн.

Советтер Союзунун тарыхында бул түзүмдүн аталышы бир нече ирет өзгөргөн. Ал эми 1918-жылы Пишпек уезддик тергөө комиссиясы түзүлгөн. Коопсуздук кызматкерлеринин күнү Кыргыз мамлекетинен тышкары Армения, Орусия жана Беларусь өлкөлөрүндө расмий түрдө бекитилген.

Copyright © 2017 Maral FM