Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Санариптик кодексти иштеп чыгуу зарыл

Кыска кабар | 20 Дек 2022 | 203 | 0

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коллегиясы өтүп, 2022-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 2023-жылга карата милдеттер тууралуу маалымат берилди. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев да катышты.

Төрөбаев экономиканын айрым тармактарында жана социалдык чөйрөдө жасалма интеллект технологияларын колдонуу жөнүндө ойлонуу керектигин айтты.

«Ар бир мамлекеттик орган санариптештирүү жана кызматтарды өз алдынча киргизүү жолу менен жүрсө, буга жетишүү мүмкүн эмес. Бардык иш аракеттерди координациялоо жана Борбордук Азия чөлкөмүндө санариптик инновацияга айланган маалыматтарды көзөмөлдөй турган Санариптик кодексти иштеп чыгуу зарыл» , — деди ал.

Министрлик тарабынан буга чейин санариптик берүүнү киргизүү  мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга аракеттер жасалган, азыркы учурда аны бир стандартка бириктирүү милдети турары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM