Биз менен байланышыңыз

19-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 18 Дек 2022 | 303 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 19-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7° суук, күндүз 4…6° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM