Connect with us

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата президент кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 18 Дек 2022 | 365 | 0

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрда, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Ал белгилегендей, дүйнөлүк мейкиндиктеги миллиондогон эмгек миграциясы – жокко чыгарууга болбой турган, калыптанып калган көрүнүш. Ошентсе да, мигранттардын укуктук абалын жакшыртуунун үстүндө дайыма ырааттуу иш жүрүп турушу абзел.

Акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз Кыргызстандагы түрдүү долбоорлорго инвестиция салууга чоң кызыгууларын билдирип келишүүдө. Бул – миграция менен өнүгүүнүн ортосундагы ачык-айкын байланыштын далили. Мындай эки тараптуу байланыштар биргелешип өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратары белгилүү.

“Өз кезегинде мамлекет мындай демилгелерди кубаттап, бардык шарттарды түзүү аракетинде. Мисал катары 2021-жылдын 29-январындагы “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыкты айтууга болот. Ага ылайык 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Миграциялык саясатынын концепциясы бекиген.

Бул документ өлкөдөгү миграция процессин жөнгө салуу маселелеринде узак мөөнөттүү көз карашты туюнтат. Концепция миграция жаатында артыкчылыктуу багыттарды, милдеттерди, максаттардын тутумун өзүнө камтыган жана адам укуктары менен эркиндиктерин сактоого, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого негизделген”.

Жапаров кошумчалагандай, өлкөнүн миграциялык саясатынын максаты миграция агымында жагымсыз факторлорду жумшартууга багытталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруу аркылуу миграция процесстерин турукташтыруу болуп эсептелет.

Тиешелүү мамлекеттик органдар чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн жарандарыбызды, өзгөчө ЕАЭБ аймагында эмгек мигранттарыбызды колдоо үчүн мүмкүн болгон аракеттердин баарын жасоодо жана мындан ары дагы мындай аракеттерин жигердүү улантат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM