Connect with us

Президент Кемпир-Абад маселеси боюнча камалгандар тууралуу үн катты

Кыска кабар | 17 Дек 2022 | 477 | 0

Бүгүн президент Садыр Жапаров «Кемпир-Абадды коргоо комитетинин» кармалган мүчөлөрү төңкөрүш кылууга Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылып жатканын «Кабар» агенттигине берген маегинде айтты.

Жапаров камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышканын айтты.

«Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Кемпир-Абадды бербей эле, тескерисинче, биз 50/50 пайыз менен башкарабыз деп кирип атабыз», — деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчы буга чейин 100 пайыз өзбек тарап ээлик кылып келгенин белгилеп, ратификациядан өткөндөн кийин эч ким артка кайта албашын кошумчалады.

«Биздин бир кемчилигибиз тээ башында эле ачык карабастан, жабык эшик артында карап келгенибиз болуптур. Анткени биздин пайдабызга чечилип жаткан иштерибиз бузулуп кетпесин деген элек. Ратификациядан өткөнгө чейин экинчи тарап айнып кетсе иш аягына чыкпай калат. Мындай укук эки тарапта тең болот. Кайра өзгөртөлү, биз тарап айныдык дегенге укуктарыбыз бар. Ошол себептен Жогорку Кеңешке ратификацияга келгенге чейин жабык эшик артында карап келдик», — деди Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM