Connect with us

Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо башталат

Кыска кабар | 17 Дек 2022 | 342 | 0

Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо иштери башталат. Бул тууралуу  Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди.

«Ошондой эле бажы инфраструктурасын модернизациялоону баштайбыз. Келерки жылдын 1-февралына карата бардык товардык агымдарга талдоо жүргүзүлүп, 2023-жылдын 1-сентябрына чейин бажы чөйрөсүн модернизациялоо программасы сунушталат. Мындан тышкары, Энергетика министрлиги менен «Masdar» компаниясынын ортосунда 1 гигаваттка келишим түзүлдү. Келерки жылы күн электр станциясын куруу иштери башталат. Алгачкы 200 мегаваттка инвестиция болжол менен 180 млн АКШ долларын түзөт. Кыргызстандын президентинин Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында 9 келишимге кол коюлуп, өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында тиешелүү документтер каралды. Министрлер Кабинети экономиканын өсүү темпин сактап калуу үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу, маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантуусу керек», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы «AD Ports Group» менен макулдашуунун алкагында кыргыз тарапка KEZAD (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi) эркин экономикалык аймагында 300 миң чарчы метрден ашык жер бөлүнгөнүн кошумчалады.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM