Connect with us

Жалал-Абадда тоо-кен иштеткен жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды

Кыска кабар | 17 Дек 2022 | 520 | 0

УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр-кен иштетүү жеке компанияларынын мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тоо-кен иштетүү жеке компаниялар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиондук аймагынан сырткары жүргүзүп келишкен. Анын кесепетинен мамлекетке 4 477 723 сом зыян келтирилген.

Муну менен катар жеке компаниялар тарабынан өз ыктыяры менен 2 205 715 сом мамлекеттин эсебине кайтарылып, башка тоо-кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду.

Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM