Биз менен байланышыңыз

«Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин мүчөлөрү президентке кайрылды

Кыска кабар | 16 Дек 2022 | 402 | 0

«Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин абактагы мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Алар 13-декабрда ачкачылык жарыялашкан:

Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Таалай Мадаминов, Улукбек Маматаев, Жеңишбек Молдокматов, Али Шабдан, Айданбек Акматов, Акылбек Айтбаев, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчороев, Айбек Бусурманкулов, Марат Баязов, Азимбек Бекназаров, Илгиз Шаменов.

«Сизге, сот, парламент, укук коргоо сыяктуу мамлекеттик институттарды жокко чыгарып, алардын ыйгарым укуктарын өзүнө өткөрүп, бардык жоопкерчиликти өзүнө алган авторитар президент болсоңуз дагы  кайрылууга мажбурбуз. Себеби бардык бийлик сиздин гана колуңузда экенин жакшы билебиз. Биздин өмүрүбүз жана ден-соолугубуз да сизге баары бир экенин жакшы түшүнөбүз. Ошентсе дагы, кайрылалы деп чечтик.

Биз сизге, кыйналып темир тордун артында отурсак да, жакындарыбызга, санаалыштарыбызга ар кайсы укук коргоо органдары тарабынан куугунтук, басым болуп атса да, Кыргызстанда эркиндик, демократия үчүн күрөшкөн, күчтүү саясий оппозиция, күчтүү жарандык коом, күчтүү укук коргоочулар жана күчтүү журналисттер бар экенин далилдейбиз.

Сизден, ачкачылык аркылуу, фальсификацияланган Кемпир-Абад иши боюнча, мыйзамсыз камалган, сиздин апаңыздын курагындагы балдарын жалгыз бой баккан, үй бүлөсүндө жалгыз багуучу болгон саясий туткундар, аял лидерлерди түрмөдөн чыгарууңузду талап кылабыз» , — деп айтылат кайрылууда.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM