Биз менен байланышыңыз

Жаңы түзүлгөн жашыл энергетика фондунун жетекчиси дайындалды

Кыска кабар | 16 Дек 2022 | 367 | 0

Эмилбек Орозбаев жашыл энергетика фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду 16-ноябрда түзүлдү. Мындай чечим жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында кабыл алынганы айтылган.

Буга катар жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо жана уюмду башкаруу схемасы бекитилди.

Жашыл энергетика фонду долбоорлоону, субсидиялоону, оңдоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн каражат топтоо, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергия үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгууга дем берүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM