Биз менен байланышыңыз

Жапаров Токаевди Казакстандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 16 Дек 2022 | 232 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, казак элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

1991-жылдын 16-декабрындаКазакстандын көз карандысыздыгы тууралуу Конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Натыйжада мурдагы союз өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан акыркы болуп эгемендүүлүктү алгандыгын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM