Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы бардык мектептер онлайн окутууга өттү

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 1313 | 0

Кыргызстандагы бардык мектептер 15-декабрдан тарта 24-декабрга чейин онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында билдирди.

Бүгүн эртең менен 168 бала бакча да карантинге алынганы айтылган.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн интернаттар 16-декабрдан 30-декабрга чейин онлайн окутууга өтүүдө.

Акыркы 3 күндө курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин көбөйүп, медициналык жардам сурап кайрылган.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматына караганда, 12-декабрда – 3074 адам, 13-декабрда — 7775, 14-декабрда — 9809, 15-декабрда — 8730 бейтап кайрылган. Бейтаптардын 68%ы балдар.

Бишкек, Талас жана Чүй облустарында окуучулардын ооруп калуусу мектептерде 17-30%га чейин катталды.

Copyright © 2017 Maral FM