Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Бишкек мэрине ишенбөөчүлүк көрсөттү

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 422 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев абанын булганышын азайтуу боюнча иш-чаралар талкууланып жатканда, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун кызмат ордун кароону сунуштады. Анын сунушун «Мекенчил» депутаттык тобу колдоду.

Элмурза Сатыбалдиев мэр жаш курагына байланыштуу кызматтан кетүүгө даярбы деген суроо койгондо, шаар башчысы мэрлер жок дегенде 3-5 жыл иштеши керектигин, башталган иштер аягына чыгышы зарылдыгын билдирди.

«Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп жатканыма тогуз ай болуп калды. Алдыда пландарымды ишке ашырайын деген оюм бар. Мэрлер 5-6 ай же бир эле жыл эмес, жок дегенде 3-5 жыл иштеши керек. Мен баштаган ишимди аягына чыгарышым керек, чоң-чоң пландар бар, сиздер менен иштегенге даярбыз» , — деди мэр.

Абдыкадыров Сатыбалдиевдин үйүнүн тосмосу мэрия тарабынан буздурулганы үчүн ага жеке таарынычы бар экенин, бирок мыйзам баарына бирдей иштеши керектигин эскертти.

«Сиздин жеке таарынычыңыз бар, мен билем. Себеби сиз жашаган көчөдө менин орун басарым тосмоңузду талкалады. Бирок мыйзам алдында баары бирдей. Бул көчөдө 70 адам өз эсебинен тосмолорун бузуп, грантка тротуарларды куруп алышкан» , — деди мэр.

Быйыл сентябрда Бишкек шаарынын Шүкүров көчөсү, 166 дарегиндеги үйдүн тосмо дубалы сүрдүрүлгөн. Бул үй Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевдики экени айтылган, имаратка бала бакча уюштурулган.

Вице-мэр Нурдан Орунтаев Кытай грантынын негизинде ишке ашып жаткан долбоордун алкагында жолдун жашыл зонасы да иретке келтирилип жатканын айткан. Ошондой эле шаардагы 71 үй «кызыл сызыктан» чыгып кеткенин, аны түрттүрүүдө үйлөргө тийбей турганын билдирген.

64 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп быйыл февралда дайындалган. Ал шаар башчысы болгонго чейин Ала-Бука районунун акими кызматын аркалаган. Аскар Акаев президент болуп турганда бир нече жыл Бишкектин вице-мэри болгон. Андан тышкары «Нур строй монтаж» курулуш компаниясынын башкы директору катары белгилүү.

Copyright © 2017 Maral FM