Биз менен байланышыңыз

Мэр: Таштандыны кайра иштетүүчү завод 2023-жылы курула баштайт

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 375 | 0

Бишкек шаарыны мэри таштандыны кайра иштете турган завод 2023-жылдын биринчи кварталында куруларын айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 15-декабрындагы жыйынында билдирди.

Ал учурда чехиялык жана америкалык компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, долбоордун бирине 50 миллион доллар, экинчиси 350 миллион доллар сунушталганын айтты.

«Азыр биз техникалык-экономикалык негиздемени даярдап жатабыз. 2023-жылы курулуш иштерин баштайбыз. Америкалык компания таштандыны 95% кайра иштетет, чехиялык компания 70%. Экөөнүн баасы ар кандай. Каржылоо булагы чечилген» , — деди ал.

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу сентябрда башталарын буга чейин Эмилбек Абдыкадыров таштанды полигонунда өткөн көчмө жыйында билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM