Биз менен байланышыңыз

Жапаров Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алганын айтты

Кыска кабар | 15 Дек 2022 | 410 | 0

Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алганын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу Даби шаарында «AD Ports Group» жана «Maqta Gateway» ири компаниялары менен келишимдерге кол коюу учурунда билдирди.

Жапаров кол коюлган макулдашуулар өлкөгө кубаттуу экономикалык бурулуш жасоого жардам берерин айтты.

Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагында эки негизги документке кол коюлган.

Биринчиси, Кыргызстандын Экономика министрлиги менен эмират компаниясы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү үчүн аймактагы эң заманбап портко — Абу Дабидеги Халифа Портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагында 300 миң чарчы метрден ашык жерди бөлүп берген.

Экинчи макулдашууга ылайык, «Maqta Gateway» Кыргызстандын Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.

«Maqta Gateway» бул жаатта чоң тажрыйбага ээ, анткени ал Абу-Дабидеги соода жана логистикалык кызматтарды, анын ичинде деңиздеги, кургактык, абадагы, өнөр жай жана эркин зоналарды бириктирүү үчүн иштелип чыккан алдыңкы соода платформасынын, инновациялык бирдиктүү терезенин иштеп чыгуучусу жана башкаруучусу болуп саналат.

«Биздин акылман өкмөтүбүздүн экономикалык өнүгүү планына ылайык, биз башка аймактарда өнүгүүнү улантып, Борбор Азияны AD Ports Groupтун өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанилүү багыт катары карайбыз. Бизге көрсөтүлгөн ишеним үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз жана жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз», — деди «AD Ports Group» компаниялар тобунун башчысы.

Акылбек Жапаров Абу Даби шаарына жумушчу сапары менен 12-декабрда барган.

Copyright © 2017 Maral FM