Биз менен байланышыңыз

Бир суткада сасык тумоонун 10 миңге жакын учуру катталды

Кыска кабар | 14 Дек 2022 | 152 | 0

Акыркы сутка ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын 9788 учуру, сасык тумоонун 21 учуру катталды. Мындай маалыматты Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Бул өткөн суткадагы көрсөткүчтөн 1,3 эсе көп. 13-декабрга карата курч респиратордук вирустук инфекциянын 7774 учуру жана сасык тумоонун бир учуру катталган.

«Курч респиратордук вирустук инфекциян туруксуз аба ырайынан улам пайда болушу мүмкүн, бул организмдин коргонуу күчүн төмөндөтүп, оорунун өсүшүнө шарт түзөт. Ошол эле учурда курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган чоң адамдар жатып дарыланбай, санитардык-гигиеналык чараларды сактабаса, балдарына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жуктуруп алуулары ыктымал» , — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарында курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу 14-декабрдан тарта 8 мектеп онлайн окутууга өттү.

13-декабрда Чүйдөгү алты мектепке карантин киргизилген.

Ош шаарында бүгүнтөн тарта 12 мектеп карантинге жабылды.

Copyright © 2017 Maral FM