Биз менен байланышыңыз

Мароккодон дагы бир керемет күткөндөр аз эмес, Франция Марокконун сенсацияларын токтото алабы?

Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2022 | 544 | 0

Франция курама командасы Катарга дүйнөнүн учурдагы чемпиону катары  келген жана аны коргоону пландоодо. Азырынча бул үчүн Дидье Дешамдын командасы мыкты иштеп жатат десек болот. Үч түстүүлөр алты упай менен төрттүктө биринчи орунду ээлеп, тайпалык баскычтан оңой эле өтүп кетишти. Алгачкы эки раундда Австралияны 4:1 жана Данияны 2:1 эсебинде утуп, тайпалык этаптын акыркы оюнунда өздөрүнө резерв катары ойноого уруксат берип, Туниске 0:1 эсебинде утулуп калышты.

1/8 финалдын этабында француздар Польшанын курама командасын 3:1 эсебинде оңой эле жеңип, чейрек финалда Англия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен

Катардагы дүйнө чемпиондугунда бардыгын команданын лидери Килиан Мбаппе колго алып жатат, ал буга чейин беш гол киргизип эки голдук пас өткөрүп берген.

Белгилей кетсек, Франция өз тарыхында жетинчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына чыкты, бирок буга чейин эки жолу гана бул баскычты басып өткөн.

Марокко курама командасы бул дүйнө чемпионатынын сенсациялуу командасы. алар Африка курамалары арасынан дүйнөлүк чемпионаттагы эң чоң жетишкендикке алгачкы болуп жетишти.

Эске салсак, тайпалык баскычта Марокко үч беттеште жети упай топтоп, өз группасында биринчи болушкан. Алгачкы оюн Хорватия менен 0:0 эсебинде аяктады, андан кийин күтүүсүз Бельгияны 2:0 эсебинде жеңсе, үчүнчү турда Канаданы 2:1 эсебинде утуп алышты. Плей-оффтун биринчи этабында жашыл-кызылдар күтүүсүздөн Испания курама командасын турнирден чыгарып салышты. Негизги жана кошумча убакыт эч кандай гол алып келбей, пенальтилер сериясында алар күчтүүрөөк болуп чыкты – 3:0.

Чейрек финалда африкалыктар Криштиану Роналду баштаган Португалияны 1:0 эсебинде утуп алды, биринчи таймдын аягында кирген жалгыз голдун эсеби менен дагы бир сенсация жаратышты.

Белгилей кетсек, Марокколуктар катары менен 12 жолугушууда жеңилүү ызасын тарта элек, бул убакыттын ичинде төрт жолу тең чыгып, сегиз жеңишке жетишкен.

Валид Шеддирдин дисквалификациясына байланыштуу бул оюнга катышпайт. Хаким Зиеш менен Нуссаир Мазравинин катышуусу да күмөн жаратат. Бул командалар өз тарызында эки долу ойношкон, анда Франция бир жолу 1:0 эсебинде жеңишке жетсе, бир беттешүү 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Эми Марокколуктардан бардыгын күтсө болоруна дүйнө эли ишенип калды десек болот, жарым финалдык оюнда алар коргонууга басым жасап, кези келгенде ылдам каршы чабуулдарды уюштуруу менен фразцуздардын шаштысын кетирет, бул ыкманы так ишке ашырып келе жатышат. Бою узун чабуулчулары бар экенин эске алсак экинчи бөлүктөн, көбүрөөк сокку урары турган иш, антсе да Хаким Зиеш менен Хакиминин аракеттери да бир топ эле кооптуу, кези келгенде жара кирип сокку узатуу алардын көндүм иши. Андыктан Франция күтүүсүз чабуулдарга даяр болуусу керек.

Турнирдин негизги фаворити катары саналган франциялыктардын финалга өтүүгө дымагы күч, анткени аларда бардыгы бар, ортоңку бөлүктө Погба менен Голо Кантенин жоктугу деле байкалбагандай, алдыңкы бөлүктө Мбаппе баштаган дөө-шаалар бар, Жирунун укмуштуудай оюну таң калтырса, Гризманн командалык оюнда мыкты болууда. Бул беттеште Европалык команданын жеңишке болгон мүмкүнчүлүгү чынында жогору, муну футболду түшүнгөн ар-бир адам ишенимдүү айта алат, болгону Катар 2022 сенсацияларга өтө бай болгону үчүн Мароккодон дагы бир керемет күткөндөр аз эмес.

,

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM