Биз менен байланышыңыз

Жапаров: БАЭ Кыргызстандын долбоорлорун колдоого даярдыгын билдирди

Кыска кабар | 14 Дек 2022 | 215 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммед Саиф Аль-Сувайди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Акылбек Жапаровдун айтымында, биргелешкен холдинг түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган. Учурда бул документти ратификациялоону ыкчамдатуу үстүндө иш жүрүп жатат. Бул эки өлкө ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат.

Мындан тышкары, айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу, турак жайларды куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, кайра иштетүү өнөр жайы, алдыңкы технологияларды ишке киргизүү долбоорлору тууралуу сөз болду.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эмират тарап стратегиялык долбоорлорду каржылоодо өнөктөш болууга жана экономиканын маанилүү тармактарына багытталган долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Жапаров Абу-Даби өнүктүрүү фондунун жетекчисин Кыргызстанга жумушчу сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына 12-декабрда барган.

Copyright © 2017 Maral FM