Биз менен байланышыңыз

«Атайын кылып жатышат». Жогорку Кеңеште ыш маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 14 Дек 2022 | 388 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин 14-декабрдагы жыйынында Бишкектин абасы тууралуу маселе көтөрүп, ыш элдин саламаттыгына олуттуу залакасын тийгизип жатканын айтты.

«Биз аба эмне үчүн булганып жатканын айтып жатабыз, өкмөт улам жыйын өткөрөт, жыйынтык жок. Тиешелүү министрликтерди чакырып, маалымат алалы. Баарыбыздын үй-бүлөбүз бар, элибиздин ден соолугун талкалап жатат. От казандарга фильтр коюп берүү маселесин карайлы. Балким айрым чиновниктер саботаж кылып, атайын зыяндуу нерсени жагып, абанын булганышын каалап жатат. Атайын ушул үчүн иштеп жатышкандыр, бүгүн сессия күнү бираз тазаланды, булар ким менен «мышык-чычкан» ойноп жатат? Бир күн таза нерсени жагып, кийинки күнү кайра булгап? » , — деди депутат.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев ыш маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы кийинки жумада угуларын айтты.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков абаны тазалоо боюнча тез арада чара көрүүнү, тийиштүү жетекчилер дароо маалымат беришин талап кылды. Сыдыгалиев ыш маселесин күн тартибине бүгүн киргизүүгө регламент жол бербей турганын айтканда эки депутат айтыша кетти.

Эл өкүлдөрү Эмил Токтошев, Жусупбек Коргонбаев, Дастан Бекешевдер да ыш маселесине байланыштуу бүгүн маалымат алууну талап кылышты.

Дүйнө жүзүндө абанын сапатын тескеп турган World Air Quality көзөмөлдөгүчүнүн маалыматы боюнча Бишкек шаары акыркы жумада абасы кир үч шаардын бири болууда.

Copyright © 2017 Maral FM