Биз менен байланышыңыз

Бишкекте футзал боюнча «Мурас» турнири башталды

Кыска кабар | 14 Дек 2022 | 362 | 0

Бүгүн, 14-декабрда президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер «Мурас» турниринин алкагында футбол ойношот. Тайпалардагы оюндар эки жерде өтөт:

— А жана В тайпасындагы командалар «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде ойношот (түз эфир УТРК спортто);

— С жана D тайпасындагы командалар Кожомкул атындагы спорт ордосунда ойношот (түз эфир ЭлТРде).

Турнирге жалпы 16 команда катышууда:

— Президенттин командасы,

— Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”,

— Белгилүү ишкерлер – “Бизнес”,

— Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”,

— Футбол ардагерлери – “Алга”,

— Спорт федерацияларынын жетекчилери – «Спорттук федерациялар»,

— Жогорку Кеңештин депутаттары – «Жогорку Кеңеш»,

— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери – «Аймактар»

— Дин өкүлдөрү – “Ыйман”,

— Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”,

— Ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»,

— Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — “Билим”,

— Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”,

— Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери – «Коопсуздук»,

— Белгилүү спортчулар – «Спорт жылдыздары»,

— Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.

Турнирдин максаты – сергек жашоо образын, футзалды жайылтуу, коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү. Турнир жылына эки жолу, кышында жана жазында өтөт.

Спорттук иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM