Бүгүн, 14-декабрда президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер «Мурас» турниринин алкагында футбол ойношот. Тайпалардагы оюндар эки жерде өтөт:
— А жана В тайпасындагы командалар «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде ойношот (түз эфир УТРК спортто);
— С жана D тайпасындагы командалар Кожомкул атындагы спорт ордосунда ойношот (түз эфир ЭлТРде).
Турнирге жалпы 16 команда катышууда:
— Президенттин командасы,
— Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”,
— Белгилүү ишкерлер – “Бизнес”,
— Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”,
— Футбол ардагерлери – “Алга”,
— Спорт федерацияларынын жетекчилери – «Спорттук федерациялар»,
— Жогорку Кеңештин депутаттары – «Жогорку Кеңеш»,
— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери – «Аймактар»
— Дин өкүлдөрү – “Ыйман”,
— Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”,
— Ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»,
— Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — “Билим”,
— Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”,
— Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери – «Коопсуздук»,
— Белгилүү спортчулар – «Спорт жылдыздары»,
— Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.
Турнирдин максаты – сергек жашоо образын, футзалды жайылтуу, коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү. Турнир жылына эки жолу, кышында жана жазында өтөт.
Спорттук иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.