Биз менен байланышыңыз

Массалык камоолор: Молдокматов жана Кадыровдун абактагы мөөнөтү узарды

Кыска кабар | 13 Дек 2022 | 421 | 0

Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда камактагы саясатчылар, активисттер  жана блогерлердин баш коргоо чарасын кароо улантылды.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров эки айга камакта калтырылды.

Ошондой эле соттун чечими менен саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, мурдагы депутат Орозайым Нарматова, активисттер Илгиз Шаменов, Али Шабдан, Айбек Бузурманкулов, Марат Баязов, Чыңгыз Капаров, Акыл Айтбаев, журналист Айданбек Акматов 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM