Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунда алты мектеп карантинге жабылды

Кыска кабар | 13 Дек 2022 | 318 | 0

Чүй облусунда бүгүн, 13-декабрдан тарта алты мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма кызматы кабарлады.

Карантин киргизилген мектептер Аламүдүн районуна караштуу:

— Жогорку- Ала-Арча орто мектеби,

— Төмөнкү Ала-Арча орто мектеби,

— А.Айдаралиев атындагы мектеп,

— Лебединовкадагы № 1, №2 мектеп гимназиялары,

— Бердыбеков атындагы орто мектеби.

Бул мектептерде окуучулардын 20% сабакка келбей жаткандыктан карантин киргизүү чечими кабыл алынган.

2022-жылдын башынан бери курч кармоочу респиратордук вирустун 78 миң 656 учуру катталды. Бейтаптардын көбү 14 жашка чейинки балдар – 48 миң 287 учур (61,3%).

Анын ичинен 1 жашка чейинки балдарда 7964 учур, бир жаштагы балдарда – 6203 учур, 2-4 жаштагылар – 14838 учур. 15-17 жаштагылар – 4807 учур, 18 жаштан жогору – 25562 учур.

Copyright © 2017 Maral FM