Биз менен байланышыңыз

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш «Quiz Night» интеллектуалдык оюнун өткөрдү

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 491 | 0

Бүгүн, 9-декабрда Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши Бишкекте “Quiz Night” интеллектуалдык оюнун өткөрдү. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Quiz Night”  интеллектуалдык оюнуна мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бизнес ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 10 команда катышты.

Оюн жалпысынан үч этапта өтүп, негизги бөлүгү коррупция боюнча суроолорду камтыган.

Иш-чараны баштагандан мурун, Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова аталган кеңештин ишмердүүлүгү туурасында тааныштырып маалымат берди.

Интеллекуталдык оюндун соңунда жеңишти камсыздаган командаларга ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Эске салсак, быйыл 1-декабрдан 9-декабрга чейин Антикоррупциялык ишкердик кеңеши Борбордук мамлекеттик билим берүү борборлорунда, республиканын бардык аймактарында калкка, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, жарандык агартуу, түшүндүрүү иштеринин алкагында — билим берүү, саламаттыкты сактоо, сот, прокуратура, жер-укуктук мамилелер чөйрөлөрүндөгү коррупцияга каршы күрөш боюнча конференцияларларды өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM