Биз менен байланышыңыз

Быйыл 8 айда Кыргызстандын БАЭ менен соода жүгүртүүсү 69 млн долларды түздү

Кыска кабар | 12 Дек 2022 | 312 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында өткөн экономикалык кызматташуу боюнча жыйында кыргыз-араб экономикалык кызматташтыгы жаңы демге ээ болгонун билдирди.

Буга өз ара сапарлар, бизнес форумдар жана Кыргызстанда 100 млн доллар уставдык фонду менен биргелешкен холдинг компаниясын түзүү жөнүндө макулдашууну мисал катары келтирди.

Жапаров кошумчалагандай, 2019-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттары менен соода жүгүртүүсү – 2,9 эсе, анын ичинде экспорт – 5,4 эсе, ал эми импорт 10,2%га өскөн.

Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү дээрлик 70 млн АКШ долларын түзсө, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 69 млн долларды түздү.

Кыргызстан БАЭге эт азыктарын, экологиялык жактан таза жашылча-жемиштерди, бал, кургатылган мөмө-жемиштерди, төө буурчакты, консерваланган продуктуларды жана кийизден жасалган буюмдарды жеткирүү көлөмүн жогорулатууга даяр экендиги айтылды.

Өкмөт башчы энергетика тармагына түз инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча  кызматташууну арттырууга кызыкдарлыгын билдирди.

Кыргыз-эмират комиссиясынын 2-пленардык кеңешмеси 12-декабрда Абу Даби шаарында өттү. Анын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM