Биз менен байланышыңыз

13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт

Кыска кабар | 12 Дек 2022 | 297 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 13-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз 0…-2 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM