Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 13-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;
Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз 0…-2 градус болот.