Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Бир оюнда 17 сары айып кагазын көрсөткөн калыс чемпионаттан кетти

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 12 Дек 2022 | 816 | 0

Испаниялык калыс Антонио Матеу Лаос  Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугуна катышуудан четтетилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, калыс турнирдин калган төрт беттешине калыстыгын кыла албайт. Ал Испанияга кайтып кеткени маалым болду.

Лаос 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Аргентина менен Нидерландиянын беттешин башкарып, пенальтиден Лионель Скалони командасынын 4:3 эсебинде жеңиши менен аяктаган.

Калыс бул жолугушууда 17 сары жана бир кызыл айып кагазын  көрсөтүп, дүйнөлүк чемпионаттар үчүн рекорд койгон.

Оюндан кийин эки команданын өкүлдөрү калыстын ишине нааразылыгын билдирип чыгышкан. Лаос Дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык баскычындагы оюндарда иштеген.

Ал Катар менен Сенегалдын (1:3), ошондой эле Иран менен АКШнын (0:1) ортосундагы жолугушууларды тейлеген.

Белгилей кетсек, 13-декабрь жарым финалда Аргентина Хорватия менен беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM