Биз менен байланышыңыз

Аргентина менен Голландиянын беттеши учурунда спорт комментатору каза болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 10 Дек 2022 | 941 | 0

Америкалык CBS Sports телеканалынын журналисти Грант Уол Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатты чагылдырып жатып каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, журналист Аргентина менен Голландия курама командаларынын чейрек финалдык беттеши учурунда эс учун жоготуп кулаган. Чакырылган тез жардам кызматкерлери комментатордун өмүрүн сактап кала алган эмес.

TMZ Sports маалымдагандай, журналист жүрөк оорусунан улам каза болгон.

Ошол эле учурда Уолдун үй-бүлөсү аталган өлүмдүн себебине макул эмес. Анын бир тууганы Эриктин айтымында, журналист толугу менен дени сак болгон. Маркумдун бир тууганы Грант Вал киши колдуу болушу мүмкүн деген ойдо.

Ал белгилегендей, журналист өлөөрүнө бир нече күн калганда тыюуу салынган ЛГБТ символу болгон ар кандай түстүү футболка кийгени үчүн кармалган.

«Менин атым Эрик Уолл. Мен Грант Валдын бир тууганымын. Агамдын ден соолугу чың болчу. Ал мага өлүм коркунучу бар экенин айтты. Мен агамдын өлүп калганына ишенбейм. Мен анын өлтүрүлгөнүнө ишенем. Мен жөн гана жардам сурап жатам», -деп билдирген.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM